Нигериялык 23 жаштагы ырчы Адокийе (Adokiye) «Боко Харам» радикал-экстремисттерине кыздык намысын сунуштады. Ал бул кадамга баруу менен «Боко Харам» радикал-экстремисттери тарабынан апрель айында уурдалган 276 кызды куткарып алууну көздөйт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Уурдалган кыздар 12-15 жашта гана. Мен алардан улуумун жана тажрыйбалуумун. Мени бир түндө 12-15 эркек пайдаланса да мага баары бир. Болгону тиги кыздарды ата-энелерине кайрып бергилечи",- деген ырчы өз маегинде. Бул маегинен соң ырчы ушундай эле билдирүүсүн социалдык тармактардагы жеке баракчасына да жазган.