30-июнда Республикалык илимий-медициналык китепкананын жыйындар залында "Манас" эпосу - элдин алтын ой казынасы" аттуу маданий иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган маданий иш-чарага саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери, илим-билим берүү чөйрөсүнөн, ошондой эле кызыкдар болгон жана расмий өкүлдөр чакырылат.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын китепканаларынын билимге, илимге, маданиятка, маалыматка кошкон чоң салымын эске алып, мындан ары алардын коомдук жашоодогу ролун жогорулатуу керектигин жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамын, КРнын Өкмөтүнүн "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Республикалык илимий-медициналык китепканада 27-майдан 27-июнга чейин бир айлык өткөрүлүп жатат.