Нарында өтө турган «Кыргыз шырдагы» фестивалына Япония, Корея жана Германиядан келген коноктор катышышат

28-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районунда өтө турган «Кыргыз шырдагы» IV эл аралык фестивалына Япония, Корея жана Германиядан келген өкүлдөр катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 32 боз үй тигилип, конокторду кабыл алуу жана каттоо иштери жүрүүдө. Фестивалдын жүрүшүндө "Улуу көч" жарманкеси уюштурулуп, келген коноктор кыргыз уздарынын колунан жаралган буюмдарга күбө боло алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан