Дүйнөгө белгилүү венгриялык кинорежиссёр Марта Месарош Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 30-июнда саат 10:00дө Кино үйүндө аны менен жолугушуу өтөт. Жолугушууда анын "Апамдын Сталинге жазган каты" аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлөт. Марта Месарошко атактуулукту анын "Балдарым үчүн күндөлүк", "Сүйүктүүлөрүм үчүн күндөлүк" жана "Ата-энем үчүн күндөлүк" аттуу тасмалары алып келген. Ал европалык жана орусиялык актёрлор менен иштешип келет.
Белгилей кетсек, Марта Месарош Кыргыз ССРинин белгилүү айкелчиси Ласло Месароштун кызы.