Кыргыз-Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейинин окуучулары Түркияга тажрыйба алмашуу үчүн кетишти

Кыргыз-Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейинин 39 окуучусу бир айлык жайкы стажировкага Түркияга жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Кыргызстандагы Түркия элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы Түркия элчилигинин билим берүү кеңешчилигине караштуу Кыргыз-Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейинде 10-класста компьютер жана тигүүчүлүк багыттарында билим алып жаткан окуучулар 2 мугалимдин коштоосунда өз кесиптерине жараша тажрыйба топтоо үчүн Анкарага сапар тартышты.

Окуучулар Анкара "Йенимахалле Зейнеп-Салих Алп" кесиптик-техникалык кыздар лицейинин жатаканасында жашап, Анкарадагы ишканаларда стажировкадан өтүшөт. Алардын тамак-аш жана жатакана чыгашалары Түркия Республикасынын Улуттук агартуу министрлиги тарабынан каржыланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AZIK01
2014-06-30 09:19:43
Сак саламатта барып келишсин.
0
yasmina_kg
2014-06-30 14:22:33
Мен кыздардын кетишин каалабайт элем.Анткени коп жагымсыз окуяларды угам.Мисалы улуу кыздарды куйого беришип 2 3 жыл кул катары колдонуп анан кетирип жиберишет экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан