Ош шаарында кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун усулу боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага орус жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана башка билим берүү мекемелеринин усулчулары катышты.
Ал Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык интеграциялоо бөлүмү тарабынан Ош облустук билим берүү институтунда өткөрүлүп, анда кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңыча усулдар, жаңыча стандарттар тууралуу маалыматтар берилген.