2014-жылга Бишкектин бюджетинин кирешелүү бөлүгү 33 миллион 826 700 сомго жогорулатылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкек шаардык кеңешинин 14-кезектеги отурумунда айтылды.
Белгилүү болгондой, Бишкектин бюджетинин кирешелүү бөлүгү шаардагы бюджеттик мекемелердин калган акча каражаттарынан жана ошол эле бюджеттик мекемелерге демөөрчү жардамдардан бөлүнгөн каражаттардан жогорулатылды. Мындан тышкары бюджеттин чыгашалуу бөлүгү да ушундай көрсөткүчкө көбөйтүлдү.