Жай мезгили башталгандан бери Бишкекке сугат суу белгиленген өлчөмдө бериле баштады. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына шилтеме берүү менен Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баш калаага сугат суу үч булактан: Ала-Арча суусунан 0,8 куб метр, Аламүдүн суусунан 0,5 куб метр жана Чыгыш Чоң Чүй каналынан 1,0 куб метр берилет. Берилүүчү сугат суунун жалпы көлөмү 2,3 куб метрди түзөт. Жогоруда аталган үч булак шаардын төрт районун таза суу менен да камсыз кылат.