Бишкекте татар менен башкырлардын Сабантуй улуттук майрамы болуп өттү (фоторепортаж)

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында татар менен башкырлардын Сабантуй улуттук майрамы белгиленди. Бул тууралуу 30-июнда Бишкек шаардык мэриясынын Коомчулук менен байланышуу башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартов жана башкалар катышты.

Майрамда татар, башкыр элинин ыр-бийлери жаңырып, ар кандай оюндары ойнотулуп, катышуучулар Татарстандан келген артисттердин жана бийчилердин өнөрлөрүнө күбө боло алышты.

Иш-чарада вице-мэр Айгүл Рыскулова куттуктоо сөзү менен чыгып, жүз жылдардан бери уланып келе жаткан бул майрам татар жана башкырлардин эң көңүлдүү жана сүйүктүү майрамы экенин белгилеп өттү.   

“Сабантуй түпкү теги менен таанышууга жана өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүүгө эбегейсиз мүмкүндүк түзөт. Ал улуттук маданияттын тирүү булагы болгондуктан, кийинки муунду руханий азыктандырат”, - деди Айгүл Рыскулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jypara1415
2014-06-30 12:12:11
Айгул Рыскулова эжебиз , эркектер менен тен жарышып шым кийбей , костюм - юбка кийип алса болмок экен ....Эркек кишилердин катарында жагымсыз корунот экен .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан