Караколдо жасалма акциздик үлгүлөр менен 11 миң бөтөлкө алкоголь табылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Салык кызматынын инспекторлору жасалма акциздик үлгүлөр менен 11 миң бөтөлкө алкоголь табышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда КРнын Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, инспекторлор контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди сатууга каршы рейд жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма акциздик үлгүлөр менен “Винград” аталышындагы алкоголдук продукциялар табылды. Жалпысынан 11 763 бөтөлкө табылып, мунун жалпы баасы 708 781 сомго бааланууда. Тиешелүү материалдар Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктарына жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан