Ат-Башыда Кыргыз шырдагы жана Кымыз фестивалдары өткөрүлдү

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кыргыз шырдагы жана Кымыз фестивалдары өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматкери Барктабас Белеков билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты шырдак жасоону жайылтуу, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү жана кол өнөрчүлөрдү колдоо болуп саналат. 

Аталган фестивалга Япония, Монголия, Германия мамлекеттеринен элдик кол өнөрчүлүккө кызыккан адистер, элчиликтин өкүлдөрү жана республиканын жети облусунан шырдак, ала кийиз жана башка улуттук буюм-тайымдарды жасаган чебер уздар келишти. Анда колго жасалган буюмдардын жарманкеси уюштурулуп, кийизден жасалган бардык буюм-тайымдар жана сувенирлер сатыкка коюлду.

Быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү, нукура элдик (сабада, чаначта, көөкөрдө) нукура технология менен даярдалган Кымыз фестивалы биринчи жолу расмий уюштурулду. Фестивалга келгендер мындан сырткары кыргыз көчү, кыргыздын улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсү жана кыргыз күрөшү сыяктуу улуттук каада- салттарына да күбө болушту.

Деги эле элибиздин кайсы буюмун албайлы, азыркы заманбап сөз менен айтканда, дизайндык терең философия менен жуурулуша жасалгандыгы менен да өзгөчөлөнүп турат десем жаңылышпайм. Кылымдарды карыткан кыргыз шырдагын нукура колоритин сактоо менен өз чыгармачылыктары аркылуу байытып келе жатышкан уздарыбыздын кол өнөрчүлүгүнө терең баа беребиз",- деди Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов.

Шырдак фестивалына 200дөн ашуун уз, 2000ден ашык шырдактын түрлөрү, 500гө чукул ала кийиз жана 5 миңдей колго жасалган ар кандай буюмдар коюлду.

Ал эми Кымыз фестивалында улуттук суусундугубуздун 11 түрү сунушталып, бул саамалык жыл сайын уюштурулуп турары белгиленди.

Фестивалдын жыйынтыгында “Мыкты шырдак”, “Илгерки шырдак”, “Кыргыз шырдагын жасоонун устат-шакирт мектебине”, “Уютулуп жасалган кийимдер”, “Жаш уздарды тандоо” сыяктуу бир нече номинацияларга сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары мыкты кымыздын ээси жана кыргыз күрөшүндө жеңишке жетишкендерге байгелер ыйгарылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан