Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге баллдардын чени белгиленди

Билим берүү жана илим министрлиги 2014-2015-окуу жылына абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алууга жалпы республикалык тест боюнча алган баллдардын чектик деңгээлин белгиледи.

Гранттык негизде окууга баллдардын чен көрсөткүчтөрү:

- негизги тест боюнча – 110 балл; 

- англис тили боюнча – 60 балл; 

- химия боюнча – 60 балл; 

- биология боюнча – 60 балл; 

- физика боюнча – 60 балл; 

- тарых боюнча – 60 балл; 

- математика боюнча – 60 балл.

Күндүзгү окууга акча каражат төлөөсү менен келишим боюнча баллдардын чен көрсөткүчтөрү:

- негизги тест боюнча – 105 балл; 

- англис тили боюнча – 60 балл; 

- химия боюнча – 60 балл; 

- биология боюнча – 60 балл; 

- физика боюнча – 60 балл; 

- тарых боюнча – 60 балл; 

- математика боюнча – 60 балл.

Дистанциялык билим берүү технологиялары менен окууга акча каражат төлөөсү менен келишим боюнча, гранттык негизде бардык окуу формаларында окууга акча каражат төлөөсү менен келишим боюнча айыл чарба тармагындагы кесиптерге тапшыруучу абитуриенттер жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтуна тапшыруучу абитуриенттер үчүн баллдардын чен көрсөткүчтөрү:

- негизги тест боюнча – 95 балл; 

- англис тили боюнча – 60 балл; 

- химия боюнча – 60 балл; 

- биология боюнча – 60 балл; 

- физика боюнча – 60 балл; 

- тарых боюнча – 60 балл; 

- математика боюнча – 60 балл.

КРнын Ички иштер министрлигинин академиясына тапшыруучу абитуриенттер үчүн баллдардын чен көрсөткүчү:

- негизги тест боюнча – 100 балл.

Мындан тышкары эгер айыл чарба тармагындагы кесипке тапшыруучу абитуриент негизги тесттен баллдарды чен деңгээлинен көбүрөөк алып, бирок башка сабак боюнча тестти тапшырбай калса, ал гранттык орун үчүн сынакка катыша алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан