Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин магистранттары магистрдик диссертацияларын коргошту. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Анда 9 магистрант “эң жакшы”, ал эми 11 магистрант “жакшы” деген бааларды алышты. Ага ОшМУнун Магистратура департаментинин директору Эрлан Камалов жана факультеттердеги магистратура башчылары катышышты. Коргоонун жыйынтыгы жана мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими менен 20 магистрантка экономика багыты боюнча “магистр” академиялык даражасы ыйгарылды.
Айта кетсек, быйылкы окуу жылы 26 багыт боюнча магистратурага кабыл алуу жүрүүдө.