Ош шаарында жайгашкан «Сулайман-Тоо» музей-комплекси санитардык тазалоо иштерине байланыштуу бир канча күнгө жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда аталган музей-комплексинен Орозгүл Кожанова билдирди.
Анын айтымында, санитардык тазалоо иши 1-июлдан 3-июлга чейин башкы музейде, 4-июлдан 6-июлга чейин «Сулайман-Тоо» НИАМИК экспозициялык залы жабылат. Анда экспонаттарды, музейдин айланасын тазалоо иштери жүрөт.