Ош. "Бөйрөк оорусунун жаштар арасында көбөйүшүнө миграция маселесинин таасири чоң" дешет дарыгерлер

Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын неврология бөлүмүнө акыркы убакта кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда аталган оорукананын дарыгери Элмира Кудайбердиева билдирди. 

Анын айтымында, кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн жаштар, кыз-келиндер жана кош бойлуу аялдар түзөт. Ошондой эле бөйрөк оорусунун жаштар арасында көбөйүшүнө миграция маселесинин таасири чоң. 

«Бүгүнкү күндө жаштардын дээрлик көпчүлүгү чет жактарда муздак цехтерде жана оор жумуштарда иштешет. Мындан сырткары башка аймактардын аба ырайы катаал, климаттык шарттарынын да таасири чоң»,- деди ал.

Айта кетсек, аталган оору менен 2011-2012 жылдары күнүнө 15тен 20га чейин бейтап кайрылса, кийинки жылдарда бир күндө 20дан ашуун оорулуулар кайрыла баштаган. Айрыкча кыш мезгилдеринде бейтаптардын саны кескин түрдө өсөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Manasasman
2014-06-30 15:32:50
Рахмат чон биздин окмотко ушунун барына ошолор кунолу!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан