Бишкекте 3 айга жетпеген убакытта 992 кичи автобус каттамдан четтетилди
Бишкекте 18-апрелден бери Биринчи Май райондук
администрациясы тарабынан жүргүнчү ташуучу транспорттук фирмалардын ишин
көзөмөлгө алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Ал убакыттан бери 992 кичи автобус техникалык
жана санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн жүргүнчүлөрдү тейлөө укугунан
ажыраган. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.