Баш-Кара-Суу суу топтоочу жайынын курулушу декабрь айында бүтөт

Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу суу топтоочу жайынын курулушу быйыл декабрь айында бүтөт. Муну бүгүн, 30-июнда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында вице-мэр Төрөбек Имашов билдирди. Айтымында, курулуш иштери уланууда.

“Жалпы 13 кудук казылды. Норма боюнча алар секундуна 40 литр суу бермек, өлчөгөндө 40 литрден ашты. Дагы 10 кудук казылат”,- деди вице-мэр.

АРИС долбоорунун планы боюнча курулуш иштери 2015-жылга, мэриянын эсептөөсү боюнча быйылкы жылдын аягына бүтө турганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан