Орусиялык ырчы Филипп Киркоров уулу Мартиндин 2 жашка толушун белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ырчы интернеттеги социалдык тармактардагы өздүк баракчасына: “Бүгүн, 29-июнь - менин сүйүктүү уулум, мураскерим Мартиндин туулган күнү. Ал менин жашоомдо 2 жыл мурун өзүмдүн экинчи мекеним болгон Болгарияда жарыкка келген. Мен бул жаңылыкты Болгариянын борбору София шаарында концерт берип жүрүп, сахнага чыгарга 2 мүнөт калганда билгенмин. Бул менин жашоомдогу эң сонун концертим болуп, аны жаңы төрөлгөн уулума арнагам.
Азыр биз чоң үй-бүлөбүз менен Кара деңиздин жээгинде жүрөбүз. Күнүмдүк түйшүктөн арылып, бүгүн эс алып жатабыз. Туулган күнүң менен, балам!”- деп жазган.
Учурда Филипп 2 баланы: кызы Алла-Викторияны жана уулу Мартинди тарбиялоодо.