Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 1-июлда Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын Тоголок Молдо, Күрөңкеев, Кудрук, Исанов, Гагарин көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө, Кара-Жыгач, Дордой, Келечек, Учкун, Ак-Босого, Ынтымак, Төкөлдөш, Ак-Өргөө жаңы конуштарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында, Аламүдүн, Жайыл райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Аталган аймактарда оңдоо иштери жүргүзүлүп, "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан