Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 2014-жылдын 2-июлунан 6-июлуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу билдирүү таратты. Анда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрү маалымдалат.
"Ошого байланыштуу ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл" деп айтылат маалыматта.