Орусияда өткөн “Дүйнөнүн жаш балети” аттуу эл аралык сынакта Кыргызстандын балет бийчиси Марат Сыдыков 2-орунга ээ болду

Сочи жана Краснодар шаарларында өткөрүлгөн “Дүйнөнүн жаш балети” аттуу 5-эл аралык сынакта кыргызстандык Марат Сыдыков лауреат аталып, күмүш медаль өңөрүп кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бул сынакта 63 катышуучу ат салышкан. 12 өлкөдөн чогулган жаш артисттер белгилүү хореограф жана балетмейстер Юрий Григорьевичтин жетектөөсүндө өнөрлөрүн тартуулашкан.

Марат Сыдыков Бишкектеги Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайда билим алып, 2006-жылдан тартып Англиянын Улуттук балет мектебинде окуган. Анын устаттары - атасы, КРнын Эл артисти Кубанычбек Сыдыков жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Роза Таирова.

2010-жылдан бери Марат А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрынын солисти болуп эмгектенип келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан