Бүгүн, 1-июлда Москва районунун Садовое айылында жаңы курулган 18 батирлүү 3 кабаттуу үй КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун аскерлерине салтанаттуу түрдө берилет. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаевдин жана Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун катышары күтүлүүдө.
Айта кетсек, бул турак үйдүн курулушу 2009-жылы башталган. Үйдү курууга 21,5 миллион сом каражат сарпталган.