Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин арасында спорттук спартакиада башталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Ош шаардык саламаттыкты сактоо координатору Абдулатип Шамшиев билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага 24 медицина өкүлү катышып, спартакиада 3 күнгө созулат. Айта кетсек, шаар аймагындагы ооруканаларда жалпы 3500дөн ашуун кызматкер эмгектенет.