“Кыргызстанда турак үйлөрдү ипотекалык насыяга берүүгө 100 миллион доллар бөлүнөт” деди президент бүгүн, 1-июлда Москва районунун Садовое айылында жаңы курулган 3 кабаттуу үйдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун аскерлерине салтанаттуу түрдө тапшырып жатып.
“Кыргызстанда турак үйлөрдү насыяга берүүгө 100 миллион доллар бөлүнөт. Бул каражат Кыргыз-Орус фондунан каралат. Учурда фонддун жоболору өкмөттөр арасында талкууланып жатат. Фонддон жалпы 1 миллиард доллар бөлүнөт. Анын 100 миллиону ипотекалык насыяга багытталган. 5-10 жыл ичинде өлкөдө жаш үй-бүлөлөрдү үй менен камсыз кылуу маселеси чечилиши керек”,- дейт өлкө башчы Алмазбек Атамбаев.