Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургундары Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Муну бүгүн, 1-июлда өткөн маалымат жыйында аталган райондун тургундары билдиришти.
Кайрылууда 25-июнда ажылык сапар боюнча өткөн чүчү кулак кармоодо мыйзам бузуулар болгону жазылган.
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну Мамат Арипов эки жылдан бери ажылыкка документ тапшырып, бирок тааныштары жоктугунан өтпөй жатканын айтат. "Чүчү кулакка биздин айылдан 8 адам тизме түзүп бергенбиз, анда биринчилерден болуп жазылган экөөбүз өтпөй, биздин артыбызда жазылган 6 киши өтүп кеткен. Бул кандай? Чүчү кулактын эрежесин компьютерге алмаштырып койгону такыр туура эмес",- дейт ал.
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык жетекчиси Курбаналы Узаков: "Чүчү кулактын компьютердин жардамы менен өтүшүн республикалык штаб чечкен. Андыктан нааразы болгон район тургундары республикалык штабга арыз менен кайрылса, алар маселесин чечип беришет. Мен буга кирише албайм",- деди.