Бүгүн, 1-июлда өткөн маалымат жыйынында Кара-Суу районунун тургундары бир катар дин өкүлдөрүнүн кызматынан кетишин талап кылышты. Алар 25-июнда Кара-Суу районунун борбордук мечитинде ажылыкка баруучуларга өткөн чүчү кулакта бир катар мыйзам бузуулар болгонун айтышып, нааразычылыктарын билдиришти. Ошондой эле ажылык сапарды уюштуруу боюнча дин кызматкерлери тарабынан бийликке жана элге туура эмес маалымат берилип жатканын айтышты. "
Элге компьютерди Кудай кылып көрсөтүп, жалган чүчү кулак өткөрүп көз боёмочулук кылгандары үчүн муфтийдин жардамчысы жана облус казысы кызматтарынан кетишсин" дешет. Маалым болгондой, ажылыкка бара тургандарды аныктоо ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси
Замир Ракиев, Түштүк аймагы боюнча дин агенттигинин жетекчиси
Курбаналы Узаковдун жетекчилиги астында өткөн.
Айта кетсек, Кара-Суу районуна 230 орундук квота берилип, кийин дагы 29 орун квота кошумчаланган.