Бишкекте 80-бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын конгресcи өткөрүлөт

Бишкекте 29-сентябрдан 2-октябрга чейин 80-мааракелик Бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын эл аралык конгресси өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Орто Азияда конгресс биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ага 5 континенттен келген 100гө жакын Эл аралык PEN-клубунун делегаттары чогулушат. Эл аралык PEN-клубунун президенти Жон Ралстон Соулдун айтымында, конгресс күндөрү Бишкек бүткүл дүйнөлүк адабияттын борбору болот.

Иш-чаранын темасы: “Менин тилим, менин тагдырым, менин эркиндигим”. 

“Конгрессти уюштуруудагы максаттардын бири  жоголуп бараткан тилдерге көмөк көрсөтүү жана адабият котормочуларынын барктуулугун арттыруу. Бул көйгөй бардык жерде бар. Элдер эл аралык маданият жөнүндө айтышат, бирок басмаканаларда котормочулар жок болуп жатса, анда бул маанисиз. Ошондой эле бул иш-чарада бүткүл дүйнөдөгү эркин билдирүү жана жазуучулардын укугу тууралуу темалар талкууланат”,- деп белгилешет уюштуруучулар.

PEN – англис сөзүнүн аббревиатурасы, poet – акын, essayist – эссеист жана novelist – романист, ошондой эле "pen" сөзү "калем" дегенди түшүндүрөт. PEN-клуб 1921-жылы Лондондо түзүлгөн. Ошондон тартып конгресстер жыл сайын Европа, Азия жана Америкада өткөрүлүп келет. Клубдун максаты – бүткүл дүйнөдөгү жазуучуларга чыгармачылык колдоо көрсөтүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан