Бүгүн, 1-июлда бирдиктүү мектеп формасы боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы окуу жылында кийилүүчү мектеп формасы аныкталды. Финалга чыккан эмгектер эл алдына тартууланып, мыкты эмгектер СМС-добуш берүү жана интернет-сайтта добуш берүү аркылуу тандалып алынган.
Чакан көргөзмө менен коштолгон сынакка жалпысынан 9 эскиз коюлду. Жыйынтыгында жеңиш ээси болуп Эльвира Султангазиеванын эмгеги табылды. Ал 52 026 добуш топтогон.
Бирдиктүү мектеп формасы боюнча КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева маалымат булактарына пикирин билдирип жатып, мектеп формасын каалоочулар гана алышарын жана дизайн сунуш катары берилерин билдирген.
"Күзгө чейин ата-энелердин баары сатып алышпаса керек. Бирок 2015-2016-окуу жылында ата-энелердин макулдугу менен бардык окуучулар окшош форма кийип калышат деген үмүттөбүз. Кийимдерди мажбурлап кийгизүү деген болбойт",- деди Сариева.