Кыргызстандык жаш сүрөтчүлөр “Москва досторун күтөт” аттуу 11-эл аралык сынакка катышып келишти. Сынак Владимир Спивакованын Эл аралык кайрымдуулук фондунун 20 жылдыгына жана Орусиядагы Маданият жылына арналган. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Орусия кызматташтыгынан билдиришти.
Москвадагы Эл аралык музыка үйүндөгү Светлановский жана камералык залдын фойесинде фестивалга катышкан сүрөтчүлөрдүн көркөм эмгектери коюлган.
Маалыматта белгиленгендей, жаш сүрөтчүлөр Медина Байболова, Аида Саркулова, Георгий Морозов, Аймана Шамкеева, Кристина Доброквашина, Ксения Шалыгина, Орозгүл Сыргакова, Даниил Скляр, Наргиза Абдурахманова Кыргызстанды Москвада татыктуу көрсөтүп келишкен.