Июль айында Чүй облусунда аба ырайы 37 градуска чейин, ал эми Ысык-Көлдө 29 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүн ысыктыгы орточо эсеп менен 27-37 градуска чейин жетип турат. Ал эми Баткен облусунда 28-38 градуска чейин болору күтүлүүдө.
Ысык-Көл облусунда июль айында күндүн ысыктыгы 24-29 градуска чейин жетсе, Нарын облусунда 25-30 градусту түзөт деп болжолдонууда.