Бишкекте окутуучулардын балдары үчүн жана студенттердин тажрыйба топтошуна шарт түзгөн бала бакча ачылды.
Жаңы ачылган бала бакча мектепке чейинки билим берүү үчүн заманбап инновациялык жабдуулар менен толукталган. Балдар мектепке чейинки даярдыктан өтүп, тарбиялоодо өзгөчө усулдар колдонулат. Бакча жүз орундуу, бирок алгачкы жылдары элүү баланы кабыл алуу пландаштырылган. Бала бакчада 3 сааттык, 5 сааттык жана 10 сааттык кызмат сунушталат. 3 сааттык бакчада балдар бир жумада үч жолу келип билим алышса, 5 сааттыкта жумасына үч жолу келишет. 10 сааттык бала бакчаны тандаган ата-энелердин балдары эртеден кечке бала бакчада болушат. Студенттер жана окутуучулар үчүн база болуп берген бакча университеттин мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын студенттери үчүн теориялык алган билимин практика жүзүндө айкалыштырууга шарт түзөт. Бул тууралуу 30-июнда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирди.