Айчүрөк Иманалиева Ялтада өтчү "Чыгыш базары" Эл аралык фестивалында калыстар тобунун мүчөсү болот

22-28-августта Ялта шаарында өткөрүлчү “Чыгыш базары” 9-эл аралык фестивалында КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева калыстар тобунун мүчөсү болот. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Ал эми бул эл аралык сынакка өлкөнүн намысын коргоо үчүн ырчы Курал Чокоев аттанат. 

“Мен эл аралык сынактарда 5-ирет калыс болгону жатам. Башкы максатыбыз - Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү 3 орундун бирөөсүн камсыздап кайтуу. Биздин 2 же 3 катышуучуну сынакка алып барууга укугубуз бар. Андыктан тажрыйбасы көп деп Курал Чокоевди тандадык. Өлкөнү татыктуу көрсөтүп кайтуу үчүн мыктынын мыктысы барыш керек. 

Сынакка “Музаман” тобу же ырчы кыздардын бири барып калышы мүмкүн. Айта кетсем, эл аралык сынактарда өзүңдүн кишиң калыстар тобунда отурса, катышуучуга чоң стимул болот. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, жапа тырмак биргелешип иш алып барасың. Өзүңдүн катышуучуңа жактоочу болуп, таламын талашасың. Башка калыстар тобунун мүчөлөрүнө ишеничтүү түрдө жан тарткан катышуучуга көрсөтүп турсаң, алар да талантына татыктуу баа беришет”,- дейт Айчүрөк Иманалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
arstan123
2014-07-03 14:26:03
Милашка вперед!
0
were
2014-07-03 19:07:03
Жакшы жанылык экен. Кудайым сизди колдосун.
0
merkel
2014-07-03 23:24:42
Ялтагааа! Оооо, Айчурок катуу иштеп жаткан экен. Мына кудай деген кур калбайт, деген ушул. Ийгилик каалайлы!
0
merkel
2014-07-03 23:25:31
Алга, кыргыздарым!!!!
0
elish87
2014-07-04 02:14:02
Пулун болсо калтада дем аласын ялтада
0
gbrshik
2014-07-04 12:07:03
Ырдап койчу добушунду угайын, сен ырдасан мен кубанып турайын.
0
gbrshik
2014-07-04 12:11:05
Азамааат !
0
felikskulov
2014-07-05 12:19:03
Куттуктайм абдан сонун жерге бара жатыптырсыз, аман барып аман келгиле, биз сиз менен сыймыктанабыз !
0
german
2014-07-05 12:25:00
Айчурок абдан ак конул адам,ишинизге ийгилик примадонна.
0
Aipri
2014-07-05 12:52:28
Айчурок эже менен кыргыз эли сыймыктанат. Убагында куурчак театрдагы кызматкерлери багып келген дейт откондо Турусбек Жумалиев.
0
berekeshka
2014-07-05 18:00:46
Айчурок канча деген жаштарга жардам берди, ак конулдугун пайдаланып баары кидайтетишти, Анжысы Сапары экоондо тен уят деген жок экен, 3-4 жолу кетишип кайра Айчуроктон кечирим сурап келишип кайра Айчурокту ушакташып.Буларага ун берсе ииии Кудай баякуш артисттерди жашатышмак эмес экен. Кудай баарына тараза деген чын.
0
yalla
2014-07-05 18:07:36
berekeshka, Чын эле Айчурокту канча ыйлатышты, Айячурок эжени бир кудай анан эли колдойт, озу айткандай ! Кудай берет деген ушу,Мен кыйын дегендеринин кимиси эле эл аралык конкурстарга калыс болуп отуруп жатыптыр. Аман эсен барып байгелуу орундарга ээ болуп келиниздер.Биз сиздей кучтуу айымдар менен сыймыктанабыз.
0
samarbek91
2014-07-06 12:12:37
Эхх мен да баргым келип кетти, Кыргыздын мыктылары бара жатышыптыр ийигилк менен кайткыла, Ак жол !
0
samarbek91
2014-07-06 14:30:57
Жылдызыныз жана берсин Айчурок айым
0
were
2014-07-12 12:45:54
Иштейт деген ушул ! Айчурок айым ар дайым озунун ордунда, Алга !
0
german
2014-07-12 12:50:39
Мени суйуктуу ырчым Айчурок, жениш менен кайтыныздар ! Курал вперед !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан