Жалал-Абад. Аксы районундагы «Иринжит» көмөк чордону жаңыланды

Жогорку чыңалуудагы ТМ-4000 кВт кубаттуулуктагы трансформатору жана ВМБ өчүрүп-жандыргычтардын эскилиги жетип калгандыктан, заман талабына жооп бере турган ВМТ-10 өчүрүп-жандыргычтар менен алмаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда «Жалал-Абад электр» АККсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көмөк чордонунда жалпы КРУН-10 электр жабдуулары да жаңыланды.
Айта кетсек, «Иринжит» көмөк чордону 1961-жылы курулган. Андан чыккан Атана, Ак-Суу электр чубалгылары жалпысынан 2000 абонентти тейлейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан