Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

Бүгүн, 2-июлда бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин борбор калаадагы Турусбеков көчөсүндө орун алган №82, №85-а көп кабаттуу үйлөрүндө, Жибек Жолу кең көчөсүндө, Лумумба, Дэн Сяопин, Якутск, Кара-Кум, Күрөңкеев, Эркиндик бульвары, Каракол көчөлөрүндө, Чоң-Арык айылында жарык өчөт. Ошондой эле Кара-Балта шаарында, Ставрополовка айылында, Жайыл районунда, Маевкада жана Аламүдүн районунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Мындан тышкары Келечек, Учкун, Ак-Босого, Ынтымак, Төкөлдөш, Ак-Өргөө жаңы конуштарында, Сеченов, Маяковский, Элебесов көчөлөрүндө "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери улантылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан