Жалал-Абад шаарындагы «Азирети Хузур» мечитинде ажы сапарына баруучуларды каттоо жана алардын документтерин даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл ажыга барууга шаардын тургундарына 97 квота бөлүнгөн, ал эми катталгандардын саны 231 адам болду. Берилген квота шаардын аймактык башкарууларына элдин санына карап бөлүштүрүлдү: Достук - 23, Курманбек - 23, Ч.Айтматов - 13, Спутник - 26 жана Тайгараев - 6.
Айта кетсек, квота боюнча уруксат кагазын алган жарандар 2400 доллар төлөшөт. Териштирүү, тактоо иштери бүткөндөн кийин, 10-сентябрда сапар тартышат.