Бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарында өткөн
"Шералы хандын чокою" аттуу акциянын уюштуруучулары Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына кармалгандардын бири
Мавлян Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, учурда аталган РИИБде 6 адам отурат: Адил Турдукулов, Мелис Аспеков, Айбек Бусурманкулов, Идрис Тоиров жана Айдар Жоробеков. "Азыркы учурда бизге кандай чара көрүлөрүн күтүп жатабыз. Ал эми бизди кармап кетүү Бакиевдин убагындагыдай мыйзамды тебелөө деген ойдобуз",- деди М.Аскарбеков.