Эл аралык кызматташуу боюнча кореялык агенттиктин Кыргызстандагы куратору Улуттук китепканада болду

Эл аралык кызматташуу боюнча кореялык агенттиктин Кыргызстандагы куратору Ким Жонг Же Бишкектеги Улуттук китепканада болду. Бул тууралуу аталган китепканадан бүгүн, 2-июлда билдиришти.

Белгилүү болгондой, Ким Жонг Же китепкананын директору Жылдыз Бакашова менен жолугушуп, Улуттук китепканадагы Корея борборуна жардам берүү максатында корей жана орус тилдерин билген ыктыярчыларды китепканага жөнөтөрүн билдирген. Ал эми Ж.Бакашова бул борбор китеп окугандарды корей илими жана маданиятынын баалуулугу менен тааныштырып жатканын белгилеп өттү.

Кошумчалай кетсек, КРнын Улуттук китепканасында Корея борборунун ачылгандыгы тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кореяга болгон расмий сапарында билдирген. Президент өз сөзүндө кыргыз эли бул борбор аркылуу корей тили жана маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айткан. Аталган борбор Кыргызстандагы Корея элчилиги тарабынан ачылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан