Япониялык кит уулоочулар мектептин башталгыч класстарынын окуучуларынын көзүнчө китти бөлүктөргө бөлүп, союшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар, бүгүн, 2-июлда жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, иш-чара кит уулоочу сезонго арналып, ал Токиодон кийинки түштүк тараптагы Вада районунда өткөрүлгөн.
Бул ырым-жырым аңчылык сезондун коркунучсуз өтүүсүн тилеген дуба менен башталган. Андан соң 10 метрге жеткен китти миңдеген бөлүктөргө бөлүшүп, көз салган балдарга куурулган эттерден даам сыздырышкан. Кит уулоочу компаниялардын кызматкерлеринин айтымында, мындай иш-чаралар өсүп келаткан муунга киттерди кантип бөлүштү жана алардын этин кантип куурушту үйрөтүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.
Японияда кит уулоочу өндүрүш кылымдык салт жана улуттук маданият экенин баса белгилешет.