Оштун окуучулары Голландияда өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиадага катышып келишти

Оштогу "Себат" кыздар лицейинин окуучулары Айзада Абакир, Мухабат Умарова, Нурпери Нурланова Голландияда өткөрүлгөн дүйнөлүк студенттер жана окуучулар арасындагы INESPO Эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча олимпиадасына катышып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Эрнис Кулназаров билдирди.
Ага 40тан ашуун мамлекеттен 100дөн ашуун жаш илимпоздор катышып, өздөрүнүн билимдерин сынашты. 
Ал эми Ош шаарынан барган окуучулар активдүүлүгүн көрсөтүшүп, ийгиликтерди багындырдып келишти. Ошондой эле Айзада Абакир Казакстанда өткөрүлгөн "Infomatix Asia& Pacifik" Эл аралык компьютердик программаларды долбоорлоо олимпиадасына катышып, 3-орунду багындырды.
Айта кетсек, Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан колдоого алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elish87
2014-07-02 13:36:47
Сема себат лицейи жонундо маалымат берсениз ,бир укканыма караганда 1-класстан кабыл алат деп.канрактары жонундо да киге кайрылыш керектигин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан