Жалал-Абад. Мусулмандар казысы Сузак районун унаа менен кыдырып, элди Рамазан айы менен куттуктады

Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Абдулазиз Закиров Сузак районунун тургундарын Рамазан айы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин II жыйынындагы Рамазан айынын башталышы жөнүндө №01-фатванын негизинде районду унаа менен кыдырып, тургундарды куттуктады. Куттуктоо Рамазан айы жөнүндө келген аяттар жана хадистерди айтуу менен коштолуп, элге-журтка дубалар жана каалоо-тилектер айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан