Ушул жылы Ош шаарында 813 адам ажыга баруу үчүн камданууда. Алардын ичинен чүчү кулак аркылуу 187 адам ажы сапарына тандалып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Ош шаарынын казысы
Убайдылда Сарыбаев билдирди.
Анын айтымында, ажыга баруучулар чүчү кулак аркылуу тандалып, компьютердик системде жүргүзүлдү.
Айта кетсек, Кыргызстанга 2014-жылкы ажылык сапар үчүн 3560 орун бөлүнгөн.