Бакиевдин тушунда 21 миң долларга сатылып кеткен Караколдогу ат майданынын элге кайтарылуусу боюнча ишти Жогорку Сот эртең карайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда “Камбар ата” ат сүйүүчүлөрүнүн ассоциациясынан кабарлашты.
Аталган ассоциациядан кабарлашкандай, сот бул күнү акыркы 5 жылдан бери чыгарылган сот чечимдерин жокко чыгарып, ат майдандын элдин пайдасына иштетилүүсүн камсыздап бериши керек. Эгер сот белгисиз мөөнөткө жылдырылса же адилетсиз чечим чыгарылса, бул жайдын жок болуп кетерин айтышып, активисттер Каракол элинин атынан Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага кайрылуу жасашты.
Кайрылууда мамлекетке караштуу ат майданын сактап калуу үчүн адилет сот жүргүзүүнү суранышкан. “Мамлекеттин карамагындагы бул объект Айыл чарба министрлигинин буйругу менен менчиктештирилген. Өкмөттүн токтому жана Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле сатылып, учурда талкаланып жаткан бул жайды сактап калалы” деп кошумчаланган кайрылуу катында.