Кыргыз өкүлчүлүгү Германияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын которгон Шарлотта Кошутту эскерүү кечесине катышты

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкерлери Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармаларын которгон Шарлотта Кошуттун дүйнө салгандыгына байланыштуу 30-июнда эскерүү кечесине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, Шарлотта Кошуттун жана анын жолдошу Леонард Кошуттун талыкпаган эмгеги аркылуу германиялык окурмандарга Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар”, “Кылым карытар бир күн”, “Ак кеме” жана башка чыгармалары жеткиликтүү болгон. Мындан тышкары ал Орусия, Казакстан жана башка мурунку Советтер Союзундагы мамлекеттердин жазуучуларынын чыгармаларын которгон.

Иш-чарага Шарлотта Кошуттун кесиптештери, туугандары, достору, Берлиндеги дипломатия иштери боюнча кызматкерлер катышып, ал тууралуу жылуу ойлорун билдиришти.

Белгилей кетсек, Шарлотта Кошут 89 жашында көз жумду. Ал Венадагы (Австрия) үй-бүлөлүк көрүстөнгө коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан