Бишкектин Октябрь районундагы 78 көчө шыпыргычка жана 16 мурапка түнкүсүн жарыктанып туруучу жилеттер берилди. Кийимдер бүгүн, 2-июлда тапшырылганын мэрия кабарлады. Жилеттер көчө шыпыргычтарды "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринен айырмалап турмакчы. Маалыматка таянсак, Октябрь району боюнча 96 көчө шыпыргыч жана 19 мурап иштейт.