Ырчы Автандил “Жагамбы?” аттуу ырына клип тарттырууда. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 2-июлда билдирди.
Буга чейин “Сен” аттуу клибине кара терилүү кызды тартып, катуу талкууга алынган ырчы мырза эми анын клибинин көркүн жалаң гана кыргыз кыздары ачарын айтат.
“Сен” аттуу клипке өзгөчөлүк киргизип, кара терилүү кыз тарткам. Аны күйөрмандарым жакшы кабыл алышкан жок. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, эми клипке бир гана кыргыз кыздарын тартууну чечип, “Жагамбы?” аттуу ырымдын клибине кыргыз бийкечин тартып жатабыз. 2 жуманын ичинде клип даяр болот. Муну менен катар сөзү өзүмө, обону Эркин Мээркановго таандык ырды жаздырып жатам. Учурда чыгармачылыкка билек түрө киришкениме байланыштуу жайында эс албайм”,- дейт Автандил.