4-июлда премьер-министр жана депутаттар 400 метр аралыкка чуркашат

4-июлда республика боюнча “Дени сак жашоону өзүңдөн башта” урааны менен спорттук мелдештер өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар саат 08:00дө башталат. Анда 400 метрге чуркоо, армрестлинг жана аркан тартыш боюнча мелдештер өтөт. Жалпы чуркоо Өкмөт үйүнөн старт алып, анда Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр баштаган өкмөт өкүлдөрү, журналисттер жана жарандар катышмакчы. Ушундай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tentek1
2014-07-02 17:55:59
Охоо жакшы жышаан го,онололу деп калышкан го.
+2
tolkun85
2014-07-02 18:01:16
тоого чуркагыла
+1
WINNER
2014-07-02 18:17:32
Финишке акча коюш керекда катуу чуркашат.
+3
just-mars
2014-07-02 18:20:10
Көп жеп алышты окшойт, курсактары мешать этсе керек.;)
+1
Sanjaraka
2014-07-02 18:36:17
Элестетиватам курсактары чампайып ынгайсыз чуркап бараткандарын)
0
ayakosya
2014-07-02 18:42:31
Элдин конулун бурганга эчнерсе таппай калышты да. Балким акчалары кобойуп калган.
+1
Odik11
2014-07-02 20:13:41
Короодон секирмей да уюштурбаптыр,копчулугу байгелуу орун алмак
+1
alinevajnokg
2014-07-02 23:34:00
ак уйдон аэропортко чейин жугуртуш керек эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан