Ырчы Чолпонай менен Мирбек Атабековдун келинчеги тасмада классташ кыздардын образын жаратышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда режиссёр Эрнест Уметалиев билдирди.
“Тасманын 40 пайызы тартылып бүттү. Бул тасмага 15 ырчы тартылып жатат. Чолпонай менен Мирбек Атабековдун келинчеги Мээрим Төлепберген бирин-бири көрө албаган классташ кыздардын ролун аткарышат. Мындан тышкары тасмада Омар, Арсен, Самат Дөөлөтбаков жана башка ырчылар тартылып жатышат. 2014-2015-жаңы окуу жылына карата бүтүп калат”,- дейт Эрнест Уметалиев.