Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин Эл аралык маданият фестивалына КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова катышып кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
Фестиваль 28-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Босния жана Герцеговина, Эфиопия жана башка мамлекеттерден барган 20дан ашык элге эмгеги сиңген артисттер таланттарын тартуулашкан.
“Буюрса, аман-эсен мекенибизге кайтып келдик. Бир жума бою Түркмөнстанда Маданият күнүнө арналган чоң концертке катыштым. Алардын концерттик сахнасы укмуш экен. Ал жерге орнотулган ошондой чоң экранды мен эч бир жерден көргөн эмесмин. Анын узундугу 54, туурасы 26 метр экен. Биринчи күнү "Керемет дүйнө" ырын аткардым.
Экинчи күн Түркмөнстандын президентинин туулган күнүнө туш келип, ага арналган чоң концерт уюштурулду. Анда “Санат” жана “Ашыктык” ырларын аткардым. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты. Ашхабадга биринчи жолу бардым, абдан кооз, таза, жомоктогудай шаар экен. Үйлөрү жалаң мрамордон салынып, өнүгүп келатыптыр. Аба ырайы чөлдөй эле ысык болгондуктан, күндүз сыртта баса албайсың. Бул иш-чарага биздин өлкөдөн делегат болуп Кыргызбай Осмонов барган. Ал эми Эркин Рыскулбеков мага жардам берип, продюсер катары барып келди”,- дейт Гүлнур Сатылганова.