Баткен. Кадамжай районунда кыш заводу иштеп баштагандыктан, жумушсуз жаштар иш менен камсыз болушту

2-июлда Баткендин Кадамжай районунун Тамаша айылындагы жаңыдан ишке кирген кыш заводдун иши менен Баткендин ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков таанышып чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкүлдү коштоп Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров барды. Анда өкүлчүлүк тараптан заводдун жетекчилигине «Алкыш баракчасы» тапшырылды.
Ошондой эле Тамаша айылындагы завод бир ай мурда пайдаланууга берилгендиги, учурда заводдо 650 жаран иштээри, ага айылдын жумушсуз жаштары тартылгандыгы маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан