Ташкентте өткөн самбо боюнча Азия чемпиондугунда Ош шаарынын спортчулары ийгиликтүү кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өлкөнүн намысын коргоп келгендерди 1-июлда Ош аэропортунан вице-мэр Ильичбек Эргешов тосуп алды. Ал спортчуларды жеңиши менен куттуктап, мындан ары да ийгилик жарата беришине тилектеш экенин айтты.
Эскерте кетсек, 24-28-июнь күндөрү Ташкентте самбо боюнча Азия чемпиондугу болуп, ага Азиянын Япония, Түштүк Корея, Индия, Пакистан, Иран, Иордания, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттери катышты. Жалпы 17 мамлекеттен 400дөн ашуун спортчу күч сынашкан. Ош шаарынан 9 спортчу катышып, жыйынтыгында самбо жана күжүрмөн самбо боюнча байгелүү орундарды алышты. 62 килограмм салмакта Автандил уулу Орозбек жана 100 килограммдан жогорку салмактык бөлүктө Максат Мусабаев 1-орунга ээ болушту. Мирбек Абдыкадыров 68 килограмм салмакта, Алмазбек Акимбаев 82 килограмм салмакта жана Рашит Аманкулов 100 килограмм салмакта 2-орунга ээ болушту.